Пятница, 17 мая

Муфтият: Ажылыкка уруксат берилди

0

Сауд Арабиясы кыргызстандыктарга Меккеге зыярат кылууга уруксат берди. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кыргызстандык зыяратчылар үчүн 2766 орун бөлүнгөн.

«Ажылык сапардын башталышына аз убакыт калганын эске алып, каттоодо турган жарандарды 25-апрелден баштап ажылык акысын электрондук түрдө төлөп баштоону суранабыз», — деп эскертет Муфтият.

Тизме менен муфтияттын сайтынан ажылыкка электрондук каттоо системасынан таанышса болот.

Муфтияттын маалыматы боюнча, ажылыкка электрондук кезекке 6 миңдей кыргызстандык катталган. Буга чейин ал 2020-жылы жалпысынан 9 миң 586 адам ажылыкка катталганын билдирген. Алардын ичинен 2488 зыяратчы гана акчасын кайтарып алуу үчүн арыз жазышкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз