Среда, 24 апреля

Айсулуу Тыныбекова финалга чыкты

0

Айсулуу Тыныбекова Монголиядагы кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.

Мелдештин чейрек финалында Тыныбекова 62 кг салмакта монголиялык Болдсайханы Хонгорзулга каршы чыгып, өзүнүн бутка кирүү ыкмасы менен атаандашын 7:3 эсебинде жеңип кетти. Кийин кармашы өзбекстандык Набира Есенбаева менен болду. Айсулуу башында эле атаандашынын бутуна кирип, далысын жерге басып, ишенимдүү түрдө финалга өттү.

Финалда япониялык Нонока Одзакиге каршы килем үстүнө чыгат.

Азия чемпионатында кыз-келиндер күрөшү боюнча Айпери Медет кызы (76 кг) алтын, Мээрим Жуманазарова (68 кг) күмүш медаль тагынган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз