Суббота, 5 апреля

ФЕТӨ менен күрөш башталдыбы?

0

Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы атайын билдирүү таратып, Түркияда иш сапары менен барган ички иштер министри Улан Ниязбековдун Түркиянын вице-президенти Фуат Октай менен жолукканын, жолугушууда ФЕТӨ уюмунун тарапташтарынын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн алдын алууга байланышкан маселелердин талкууланганын маалымдады. Маалыматта «Жолугушуу учурунда Түркияда террордук уюм катары таанылган FETÖ уюмунун тарапташтарынын Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн алдын алууга байланышкан маселелер, эки өлкөнүн коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда тажрыйба алмашуу демилгесин мындан ары дагы ишке ашыруу талкууга алынды», — деп айтылат.

Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын бул билдирүүсү мекеменин мурдагы билдирүүлөрүнө көп окшой бербейт. Себеби буга чейин Кыргызстандын коопсуздук мекемелери ФЕТӨ тууралуу өткөрүлгөн жолугушуулар жөнүндө эч маалымат берчү эмес. Көбүнесе түрк тарап Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү менен болгон жолугушууларда ФЕТӨ маселеси көтөрүлгөнү жана ФЕТӨнүн кооптуу топ экени жөнүндө маалымат таратчу. Бул жолу Кыргызстандын ички иштер министрлиги жолугушууда ФЕТӨ маслеси жөнүндө сөз болгонун атайын маалымат таратуу менен билдирүүдө.

Көңүл бурчу дагы бир жагдай, жолугушууда ФЕТӨнүн “Кыргызстандагы ишмердүүгү” тууралуу сөз болгонуна басым жасалып жатканында болууда. Маалыматта ФЕТӨ уюмунун Түркияда террордук уюм катары таанылганы жөнүндө айтылса да, бул топтун “Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн алдын алууга байланышкан” маселелер талкууланганы айтылат. Демек, жолугушууда бул уюшкан топтун Кыргызстандагы саясий-коомдук абалга тийгизген таасири жөнүндө кенен сөз болгон.

“Эки өлкөнүн коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда тажрыйба алмашуу демилгесин мындан ары дагы ишке ашыруу” ниетин билдирүү, ФЕТӨ сыяктуу топторго каршы иштөө метод жана тактикалары боюнча түрк коопсуздук күчтөрүнүн кыргыз кесиптештерине колдоо көрсөтүүсүн түшүнсө болот. Бирок эң негизгиси бул сөздөрдү Түркиянын коопсуздук күчтөрүнүн ФЕТӨнүн мамлекеттик бийликти ээлеп, саясий максаттарга жетүүдө кандай айла-амалдарды ишке ашыраары тууралуу кыргыз бийлигине тийиштүү маалыматтарды берүүсү катары чечмелеш керек. Анткени ФЕТӨ уюмунан эң көп жабыркаган өлкө Түркия экени маалым.

Ички иштер министрлигинин мындай маалыматты таратуусу Орхан Инанды сыяктуу ФЕТӨнүн түрк тектүү анабаштарынын Түркияга кайтарылып берилиши менен коштолушу толук мүмкүн. Бирок Кыргызстандын коопсуздук мекемелери бул уюмдун кыргыз тектүү жарандарына карата кандай иш алып бараары дагеле белгисиз. Себеби кимдин кантип ФЕТӨнүн кызыкчылыгы үчүн саясий ишмердүүлүк жүргүзүп жатканын аныктап жоопко тартуу оңой эмес. Дин сыяктуу идеологияларга жамынып иш алып барган жашыруун топторго карата чара көрүүнүн эң татаал жагы ушул болуп эсептелинет.

Бакыт Бейшембиев

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз