РФнын президенти өткөн жылы 8 млн. 648 миң 353 рубль иштеп тапкан.
России президенти Владимир Путин 2018-жылы 8 млн. 648 миң 353 рубль иштеп тапкан. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы мамлекет башчы тапшырган декларацияга шилтеме берип билдирди.
Бул 2017-жылы орус лидери иштеп тапкан 18 млн. 728 миң 268 рублден 10 млн. рублга жакын аз.
Маалыматта айтылгандай, Россия президентинин бир айлык орточо кирешеси өткөн жылы 720,7 миң рублди түзгөн.