Суббота, 21 сентября

Израилде Кнессетке шайлоонун жыйынтыгы жарыяланды

0

Ультраоңчулдар  Израилде Кнессеттин жаңы чакырылышында жалпысынан  65 мандат алышты.

Израилде 9-апрелде болуп өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандыгын Yediot Aharonot газетасы жазды.

Израил БШКсынын маалыматына ылайык, премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун “Ликуд” партиясы парламенттеги (Кнессет) 120 орундун көбүрөөк сандагы мандатын (36) алды.

Андан болгону бир мандат аз орунду  (35) Израил куралдуу күчтөрүнүн мурдагы Башкы штабынын начальниги Бени Ганц жана мурдагы журналист Яир Лапиддер жетектеген “Кахоль-Лаван” блогу ээледи.

Мурдагы коргоо министри Авигдор Либерман жетектеген “Биздин үйүбүз Израил” партиясы беш мандат алды.

Бириккен араб тизмелери жана “Балад” (“Улуттук демократиялык союз”) партиялары түзгөн коалиция парламенттен алты орун, ал эми солчул МЕРЕЦ партиясы – беш орун алышты.

БШК маалыматынан белгилүү болгондой, Израилдеги ультраоңчулдар Кнессеттин жаңы чакырылышында  жалпысынан 65 орун алып, өкмөттү түзүүгө мүмкүнчүлүк алды.

“Кахоль-Лаван” блогунун лидерлеринин бири Бени Ганц шайлоонун жыйынтыгына түшүндүрмө берип, Нетаньяху радикалдуу саясый күчтөрдүн колдоосуна ээ болгондугун жана өкмөттү түзө аларын билдирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз