Пятница, 11 апреля

АКШ Украинага бомба таштап аны Орусияга төңкөрөбү?

0

Орусиянын Радиациялык, химиялык жана биологиялык жактан коргонуу боюнча күчтөрдүн жетекчиси Игорь Кириллов АКШнын Украинада массалык кыргын салуучу курал колдонуп, чагымчылдык салып, аны Орусияга оодара салуу пландары болгонун айтып чыкты.

Ал жаманатты кылуу планы мурда эле даярдалып, аны Орусиянын атайын операциясы учурундагы ийгиликтерине реакция катары колдонуу каралып жаканын айтты.

Игорь Кириллов Украинага ташталчу бомбанын химиялык, биологиялык же өзөктүк курал болушу мүмкүн экенин кошумчалады.

«Орусиянын Коргоо министрлиги АКШнын химиялык, биологиялык же тактикалык куралдарды колдонуп ага россиялык куралдуу күчтөрдү күнөөлөш үчүн чагымчылык жасоого даярданганы туурасында маалыматтарды алды. Бул план иштелип, даярдалып, аны Орусиянын атайын операциясы учурундагы ийгиликтерине реакция катары колдонуу каралган», — деп айтылат маалыматта.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз