Пятница, 3 мая

Францияда ашынган улутчулдар Макронго жеңилди

0

Францияда кечээ өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында учурдагы президент Эммануэл Макрон жалпы добуштардын 58,2% ээ болуп карйдан өлкө жетекчилигине шайланды. Анын атаандашы, ашкере оңчул саясатчы Марин Ле Пен 41,8% добуш топтоду. Марин Ле Пен ушуну менен үчүнчү жолу президенттик шайлоого катышып, экөөндө Макронго утулду.

Эгер шайлоонун жыйынтыгы расмий түрдө ырасталса, 44 жаштагы Макрон соңку 20 жылда экинчи мөөнөтүнө шайланган биринчи француз президенти болуп калмакчы.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз