Суббота, 21 сентября

Таалатбек Масадыков президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча өкүлү болуп дайындалды

0

Масадыков Таалатбек Шамудинович мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, КР президентинин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын маалымат кызматы кабарлады.

Масадыков буга чейин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары болуп турган. Өткөн аптада ал Тышкы иштер министрлигинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү, өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи Авазбек Атаханов менен биргеликте Өзбекстан, Пакистан, Ооганстан, Иран жана Бириккен Араб Эмираттарында жумушчу сапар менен болгон.

Президенттин басма сөз кызматы анда аталган өлкөлөрдүн күч түзүмдөрүнүн жана башка мамлекеттик мекемелеринин жетекчилери, эл аралык эксперттер менен жолугушуулар өткөнүн билдирген.

Өткөн жылы июлда президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары деп аталган жаңы кызмат түзүп, ага Масадыковду дайындаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз