Кыргызстанда келе жаткан ишемби – 30-апрель иш күнү болот.
Министрлер кабинетинин чечимине ылайык, мамлекеттик жана муниципалдык, ошондой эле мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекеме, уюмдардын кызматкерлери 1-9-майга чейин эс алышат.
30-апрель (ишемби) эс алуу күнү 4-майга, 14-май (ишемби) 6-майга жылдырылды.