Понедельник, 13 мая

Орусия 40 немис дипломатын өлкөдөн чыгарат

0

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Германиянын орус дипломаттарын чыгарганына жооп чара катары 40 немис дипломатын өлкөдөн чыгарарын жарыялады. Бул тууралуу маалымат аталган министрликтин сайтына чыкты.

Маалыматта Германиянын Орусиядагы элчиси Геза Андреас фон Гейр министрликке чакырылып, Берлиндин орус дипломаттарын чыгаруу тууралуу чечими “достукка жатпаган” кадам экени айтылган.

Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок Кремл коңшу Украинада баштаган согушка байланыштуу орусиялык 40 дипломат өлкөдөн чыгарылганын 4-апрелде жарыялаган.

Москва Украинага кол салгандан бери Европадагы мамлекеттер Орусиянын элчиликтериндеги 300дөй кызматкерди өз аймактарынан чыгарышкан. Ага жооп чара катары Кремл дагы Евробиримдиктин бир катар өлкөлөрүнүн дипломаттарын кетирди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз