Суббота, 18 мая

Путин: «АКШ журналисттерибизди бутага алууда»

0

Орусиянын президенти Владимир Путин арасында Американын чалгын кызматы ЦРУ да болгон чет элдик чалгын кызматтарынын Украинаны өлтүрүүгө шыкакчы болгонун айтты.

Владимир Путин Орусиянын Башкы прокуратурасынын Москвадагы кеңейтилген жыйынында сөз сүйлөдү.

Арасында ЦРУ дагы орун алган атайын кызматтарды провокация кылгандыгы үчүн айыптаган Путин, бул өлкөлөр бул кызматтар аркылуу Киев администрациясын орусиялык журналисттерди өлтүрүүгө үгүттөгөнүн айтты.

Москвада бул багытта иштеген чалгынчылар тууралуу бардык маалыматтар бар экенин белгилеген Путин Батыштын орус коомун бөлүү аракетинен майнап чыкпаганын айтты.

Белгилүү орус журналистине кол салуу аракетин пландаган неонази тобуна да бөгөт койгондорун белгилеген Владимир Путин, шектүүлөрдү кармашкандарын айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз