Пятница, 22 ноября

Кыргызстанда адам сатууга каршы программа бекитилди

0

Кыргызстанда 2022-2025-жылдарга карата адам сатууга каршы күрөшүү боюнча программа кабыл алынды. Бул тууралуу министрлер кабинети билдирди.

Тийиштүү чечимге Акылбек Жапаров кол коюп, иш-чаралар планы бекитилди.

Программа мамлекеттик органдардын коомдук жана эл аралык уюмдар менен ишин илгерилетүү менен жабыр тарткан адамдардын укуктарын коргоого багытталган.

Кабыл алынган программа төмөнкүдөй артыкчылыктарга ээ:

  • адам сатууга каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын негиздерин укуктук жактан регламенттештирүү;
  • адам сатууну алдын алуу;
  • адам сатууга күнөөлүүлөргө бөгөт коюу жана кылмыш куугунтугуна алуу;
  • адам сатуунун курмандыктарын коргоо жана жардам көрсөтүү;
  • адам сатууга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү өнөктөштүк, кызматташтык жана ишти координациялоо.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз