Пятница, 17 мая

“Коомдук кеңеш” уюму оппозиция болобу?

0

Кыргызстанда “Коомдук кеңеш” деп аталган уюм түзүлдү. Уюмду саясачы Бекболот Талгарбеков, Исмаил Исаков, Айданбек Акматов, Жылдыз Жолдошева сыяктуу саясатчылар негиздеди. Алар бийликтин кемчиликтерин көрсөтүп, кеңеш берүү менен алектенебиз деп айтышууда.

Элүүдөн ашык коомдук ишмер жана саясатчыдан турган бул топтогу айрым саясатчылар буга чейин Садыр Жапаров жана анын бийлигин катуу сындап келишкен. Өзгөчө күздө өткөн парламенттик шайлоодон кийин бийликке карата катуу сындарды айтып, альтернативдүү парламент түзөбүз дегенге чейин барышкан.

Эске сала кетсек, өткөн айда да «Кыргызстан бириккен демократиялык кыймылы» аттуу оппозициялык уюм түзүлгөн.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз