Четверг, 2 мая

Кадыр түндү кантип тосуш керек экенин билип алыңыз

0

Бүгүн бардык мусулмандар Кадыр түндү белгилешет. Бул түндү жер жүзүндөгү мусулманмын деген миллиардаган адам чыдамсыздык менен күтөт. Анткени бул түн 1 жылда бир гана жолу келип, анын баалуулугу 83 жылга тете. Мусулман адам кадыр түнгө туш болуп, аны Аллах Таалага ибадат кылуу менен өткөрсө, ал 83 жыл бою ибадат кылгандай сооп табат. Жаратканыбыз Кадыр түндү пенделерине чоң белек катары жөнөткөнүн аңдап жатсаңыз керек. Андыктан, бул түндү өткөрүп жибербеңиз! Уктап калбаңыз. Төмөндө Кадыр түн тууралуу кызыктуу фактыларды чогултканга аракет кылдык. Кыргызстандагы Умма журналы Кадыр түн жөнүндө кызыктуу фактыларды чогулткан:

1- Кадыр түн күндүн батышы менен башталып таң атканча уланат.

2- Ислам динин туткан элдердин арасында, Кадыр түн (араптарда — Лайлатуль-кадр) — майрам! Пайгамбарыбыздын мындай деп айтканы бар: «Кимде-ким Кадыр түндөгү сыйынуусун, кылган иши үчүн сыйлык аларына ишенип жана Жараткандын ыраазычылыгы үчүн гана кылса, анын мурдагы кылган күнөөлөрү кечирилет».

3- Пайгамбарыбыз Рамазан айынын акыркы он күнүндө, көбүрөөк ибадат кылып, үй-бүлөсүн сыйынууга тургузуп, пайдалуу иштерди көп жасаган. Анткени Кадыр түн Рамазан айынын акыркы 10 күнүндө катылган.

4- Мусулмандардын арасында Кадыр түндү Рамазан айынын 27-түнүндѳ күтүшѳт. Анткени ислам аалымдары, Рамазан айынын 27-күнүнѳ басым жасашып, ыктымалдуу күн катары эсептешкен. Бул жагынан алганда, пайгамбарыбыздын ар түрдүү хадистери бар. Мисалы “Кудуреттүү түндү, Рамазан айынын акыркы он күндүгүнүн жупсуз күндѳрүнѳн издегиле” же “Кудуреттүү түн – бул жыйырма жетинчи күндүн түнү”.

5- Кадыр түн жөнүндө Куранда Аллах Таала мындай дейт: «Акыйкатта, Биз аны кадыр түндө түшүрдүк. Кадыр түндүн эмне экенин билесиңби? Кадыр түн — миң айдан да артыгыраак. (Ал түндө) Аллахтын буйругун аткаруу үчүн периштелер жана Рух жер үстүнө түшүшөт. Ал таң атканча тынчтык-амандык» («Кадр» сүрөөсү, 1-5 аяттар).

6- Кадыр түндө сүннөт боюнча, пайгамбарыбыз Мухаммед (Алланын ага салам-салаваттары болсун) насаат кылган дубаны окуса болот: «Аллаахумма иннакя ‘афуввун тухиббуль-‘афва фа‘фу‘анни». Мааниси: «Э Кудай! Чындыгында, сен Кечиримдүүсүң, кечирүүнү жакшы көрөсүң. Мени кечир!»

7- Кадыр түндө Аллах Таала Ыйык Куранды жети кабат асмандын биринчи деңгээлине түшүргөн. Бул түндө Меккеге жакын жердеги Жабал ан-Нур тоосундагы Хира үңкүрүнө Аллах Курандын биринчи сүрөөсү аль-Алякты («Оку! Жараткан Эгеңдин аты менен» сөздөрү аркылуу) жиберген. Андан кийин, жыйырма үч жыл аралыгында, Аллахтын өкүмү менен, Курандын аяттары Жабраил периште аркылуу пайгамбарыбызга жиберилип турган.

8- Кадыр түн арабдарда Лайлатуль-кадр деп айтылат. “Кадр” сөзүнүн араб тилинде бир нече мааниси бар. 1) “улуулук”, “ардак”, “кадыр”. Айрым окумуштуулар Лайлатуль-кадрдын (Кадыр түндүн) аталышында дал ушул маанилер жатат деп эсептешкен. Бул түн — улуулук менен кадырдын түнү.

9- «Аль-кадр» сөзү “тар”, “тардык” деп да которулат. Бул мааниге карата теологдор мындай деп айтышат: “Бул түндө жерге ушунчалык көп сандаган периштелер түшөт, алар көптүгүнөн жерге батпай кысылышат”.

10- Кадыр түндүн дагы бир котормосу – “чектелгендик”. Мунун чечмелениши мындайча: “Рамазан айынын кайсы күнү Кадыр түнгө туш келерин Аллах Таала чектеп койгон. Пайгамбарыбыздын сүннөтүндө болжолдоп гана айтылат.

11- “Кадр” сөзүнүн дагы бир котормосу бар. Ал – тагдыр түнү. Бул түндө жылдык өкүм чыгарылат. Башкача айтканда, так ушул түнү адамдардын жашоо мөөнөтү,байлыгы, ошондой эле келээрки жылдагы боло турган нерселерге өкүм чыгарылат.

12- Миң айдан жакшыраак Кадыр түндү “Асыл түн” деп дагы аташат, анткени кайсы момун мусулман болбосун, ушул түнү Аллах Таалага чын жүрөгү менен ибадат кылса, анда Жаратканынын алдында даражасы жогорулап, анын ыраазычылыгына жана сый-урматына жете алат.

13- Бул түндө Жебреил (ага тынчтык болсун) баштаган аябагандай көп периштелер жерге түшүшөт. Мындай нерсе бул түндөн башка убакта болбойт. Пайгамбарыбыздын (Ага Аллахтын салам салваттары болсун) бир хадисинде периштелер Аллахты эстеп, ибадат кылып жаткан адамдар үчүн Жараткандан аларга кечирим жана ырайым сурап турушат.

14- Анастын айтканына караганда пайгамбарыбыз минтип айткан: “Кадыр түн менин үммөтүмө берилген чоң сыйлык, мындай сыйлык мага чейинки бир да үммөткө берилген эмес”.

15- Кадыр түнү периштелер, Адам ата жаратылып, алгачкы бактар жер жүзүнө отургузулган.

Кадыр түндүн белгилери

Пайгамбарыбыздын айткандарына ылайык:

1- Жергиликтүү климаттык шарттарга ылайык, бул түн ысык да, суук да болбойт. Түнкүсүн абанын температурасы мелүүн келип, үшүк жүрбөйт. Катуу шамал, ысык болбойт.

2- Бул түн тынч, бейпил келип, тимеле табият демин ичине каткандай, асман булутсуз жана жаансыз болот.

3- Бул түндө жылдыздар учпайт.

4 — Бул түндүн таңында, күндүн нурлары өтө чагылбай, жумшак кызыл түстөгү төгөрөк сымал болот. Анын жарыгы жумшак, көздү уялтпаган, булутсуз асмандагы толгон айдай жарык чачат.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз