Суббота, 21 сентября

Иранда антиамерикалык акция өттү

0

ИРСКны (КСИР) колдогон акция жума намазынан кийин өлкөнүн баардык аймактарында өттү.

Ирандын борборунда жана өлкөнүн башка шаарларында АКШнын Ислам революциясынын сакчылар корпусун (ИРСК) чет элдик террордук уюмдардын тизмесине кошкон чечимине каршы акция болду.

Борбордогу каршылык акциясынын катышуучулары жума намаздан кийин Тегеран университетине чогулушту.

Демонстранттардын тобу колдоруна АКШ президенти Дональд Трамптын элесин символдоштурган плакаттар менен куклаларды көтөрүп алышып: “Парламент революциянын бекемдигин коргойт, Трамп жеңилди!”, “АКШ бүтүндөй Иран боюнча революциянын коргоочулары бар экендигин билбейт!”,-  деген ураандарды желбиретишти.

Каршылык акциясынын катышуучулары АКШнын желегин өрттөштү.

Жума намаздан кийинки каршылык акциясы Ирандын башка шаарларында да өттү.

Трамп 8-апрелде ИРСКны чет элдик “террордук уюмдардын” тизмесине кошкон чечим кабыл алган.

Ага жооп катары Ирандын Улуттук коопсзудугунун жогорку кеңеши АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгын (CENTCOM)  террордук уюмдардын тизмесине кошкон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз