Пятница, 22 ноября

Жакында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү камалабы?

0

Президент Садыр Жапаров кечээ Июнь окуясына байланыштуу күбө катары Башкы прокуратурага сурак берип чыкты. Буга чейин 25-апрелде УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев да күбө катары Башкы прокуратурага сурак берген. Сурактан чыккан соң Камчыбек Ташиев 2010-жылдагы Июнь окуясына байланыштуу Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн сындады. Ал Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун мурдагы президенти Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетүүсү боюнча күнөөлүүлөр жоопко тартылышы керек экендигин айтты.

Буга кошумча Башкы прокуратура ошол учурдагы жана азыркы кызмат адамдарынан 15 киши 2010-жылдагы окуя боюнча сурак берип жатканын маалымдады. Ал адамдардын арасында Бектур Асанов, Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров, Кеңешбек Дүйшөбаев, Токон Мамытов, Руслан Бекназаров, Сүйүн Өмүрзаков, Мелис Мырзакматов, Эмилбек Каптагаев, Исмаил Исаков сыяктуу саясатчылар бар. Булардын кээ бирлеринин азыркы бийлик менен көз карашынын дал келбегени, айрымдары оппозициялык маанайда экени белгилүү. Андыктан, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн айрымдарынын жакынкы араларда кармалышы мүмүкүн экенин божомолдогондор аз эмес.

Июнь окуясы боюнча иштин кайра каралып жатышы боюнча Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү да үн катууда. Ошол учурда Убактылуу өкмөттүн түштүк аймагы боюнча атайын өкүлү болуп турган Исмаил Исаков козголуп жаткан кылмыш ишинин саясий мүнөзгө ээ экенин айтууда. Ал эми Бектур Асанов болсо, июнь окуясы жалпы тергелбей, Кадыржан Батыровдун ишинин гана өзүнчө бөлүнүп каралышынын аркасында башка нерселер болушу мүмкүн деп божомолдоодо.

2010-жылдагы июнь окуясында 446 адам каза болсо, 2 миңге чукул жаран ар кандай деңгээлде жараат алган. 19 кишинин дайыны ушул күнгө чейин табыла элек.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз