Кечээ, 27-апрелде, болжол менен саат 16:50лөр чамасында Бишкек-Торугарт (айланма) автожолунда Opel Zafira менен КамАЗдын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришкендей, ЭлТР телеканалынын кызматтык унаасы — Opel Zafira чыгыштан батышты көздөй бара жатып, алдында кетип бараткан КамАЗды артынан сүзүп алган.
Кырсыктын кесепетинен Opel Zafira унаасынын айдоочусу М.А., жеринде көз жумган. Ал эми жеңил унаанын 1976-жылкы К.И., 1977-жылкы К.М., аттуу жүргүнчүлөрү Кант шаардык ооруканасына ар кандай жаракаттар менен тез жардам кызматы аркылуу жеткирилди.
Аталган факты каттоого алынып, унаалар айып токтоочу жайына токтотулган.
Тиешелүү экспертизалар дайындалды.