Вторник, 16 апреля

УКМК: Тажикстан “Байрактар” алуу үчүн келишим түзгөн эмес

0

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тажик тарап түркиялык “Байрактар” учкучсуз учуучу учактарын сатып алганы тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында чыккан маалымат боюнча билдирүү таратты.

Алынган ишенимдүү маалыматтарга караганда, Тажикстан “Байрактар” учактарын чыгаруучу “Байкар Макина” компаниясы менен, ошондой эле башка түркиялык ушуга окшогон өндүрүүчүлөр менен учкучсуз учуучу учактарды сатып алуу боюнча келишим түзгөн эмес.

“Буга байланыштуу тажик тарап түркиялык “Байрактар” учкучсуз учуучу учактарын сатып алганы такталбаган маалымат”, — деп айтылат билдирүүдө.

Аны менен бирге Кыргызстан Борбордук Азия чөлкөмүндө туруктуулукту жана коопсуздукту сактоо үчүн бардык күч-аракетин жумшап, тынчтык жана жакшы коңшулук саясатын жүргүзүп келет.

Кыргыз тарап сатып алган түрк учкучсуз учуучу учактары Афганистандагы кырдаалга байланыштуу Борбордук Азия мамлекеттерине террордук жана диний-экстремисттик коркунучтун жогору болуп жаткандыгына байланыштуу коргонуу максатында гана алынган.

“Кыргыз тарап коңшу мамлекеттерге карата агрессивдүү саясатты эч качан карманган эмес жана карманбайт”, — деп белгиленген билдирүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз