Социалдык түйүндөрдө Орусияга караштуу делген эки Ка-52 тик учагынын атып түшүрүлгөнү тууралуу видео тарап жатат. Тик учактардын лазер ракетасы менен жок кылынганы айтылууда. Видеодон эки тик учактын катар атып түшүрүлгөнүн көрүүгө болот.
Лазер ракеталарынын Украинага АКШ тарабынан берилген болушу мүмкүн делген божомолдор да бар. Бирок бул видео тууралуу расмий билдирүү азырынча таратыла элек.
Ачык булактардан Ка-52 тик учактарынын баасы болжол менен 18 миллион АКШ доллары экени маалым болууда.
https://youtube.com/shorts/iK5Eb8F_naI?feature=share