Среда, 24 апреля

БУУ: Эл аралык кылмыш соту Украинадагы «согуштук кылмыштарды» териштирет

0

БУУнун баш катчысы Антонио Гутерриш  Украина сапарында президент Владимир Зеленский менен жолукту. Гутерриш Киевде Владимир Зеленский менен өткөргөн пресс-жыйында Орусиянын 24-февралда баштаган согуш себеп болгон жоготууларга, кыйроолорго жана адам укуктарынын бузулгандыгына жеке өзү күбө болгондугун айтты.

Эл аралык кылмыш сотунун Украинадагы «согуштук кылмышты» териштирүүсүнө колдоо берген Гутерриш: «Бул жердеги муктажыктарды белгилеп жана операцияларды кеңейтүү үчүн келдим. Коопсуздук Кеңеши бул согушту алдын алуу, согушту акырына чыгаруу тууралуу колунан келгенди аткарган жок жана бул чоң ийгиликсиздик. БУУнун 1400дөн ашуун  кызматкери аянтта украиналык уюмдар менен жанаша Украина калкы үчүн иштеп жатат. Сиздерге убада берем, Украина өкмөтү менен бардык тармакта координациялуу  аракеттерибизди арттырабыз»,- деди.

Ал эми Зеленский: «БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин маалымат чогултуу миссиясы орус аскерлеринин бардык кылмыштарын документтештирүүнү улантууга тийиш. Чындыгында, орус оккупациясынын Украинанын аймагында жарандарга каршы, тынчтыкчыл шаарларга Европанын Экинчи Дүйнөлүк согуштан бери эч болбогондой  көп кылмыш кылды»,- деди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз