Понедельник, 6 мая

Кыргызстан менен Казакстандын соода көлөмү 35 пайызга өстү

0

КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жана Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов Бишкек шаарында өткөн кыргыз-казак Өкмөттөр аралык кеңешинин 10-жыйынынын ишине катышты. Жыйында Акылбек Жапаров белгилегендей, эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык мамилелерде оңдуу динамика байкалууда.

«2021-жылдын жыйынтыгы боюнча өз ара сооданын көлөмү 35%га өсүп, 1 млрд АКШ долларын түздү. Жакынкы келечекте эки тараптуу соода жүгүртүүнү 2 млрд АКШ долларына жеткирүүнү көздөп жатабыз», — деди ал.

Акылбек Жапаров ошондой эле кыргыз-казак чек арасында индустриалдык соода-логистикалык борборун куруу долбоорун активдештирүү зарылдыгын белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз