Путин 9-майда “нацисттерге каршы” толук кандуу согуш жарыялайт

0

Daily Mail басылмасы 9-майга карата Орусиянын президенти Владимир Путин атайын билдирүү даярдап жатканын жазды. Басылма, Англиянын коргонуу министри Бен Уоллеске таянып даярдаган материалында Путин жакында орус элин “нацисттерге каршы” мобилизацияга чакырууга даярданууда. Путин согуш башталганын жарыялоо үчүн 9-майда өтө турган парадды мерчемдеп жатканы айтылды.

Англиянын коргонуу министри Бен Уоллес “Ал (Путин) орус элин биз согуш маалындабыз, андыктан баарыбыз мобилизацияланышыбыз керек деп айтса таң калбайм” – деп айтты. Бен Уоллес Путин мындай жарыяны 9-майда өтчү парадда айтышы мүмкүн деп божомолдоду.

Мунун менен катар айрым эксперттер Орусиянын Украинадагы согушта көздөгөн максатына жетпей калганын, андыктан толук кандуу мобилизациягы муктаж экенин айтышууда.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз