Понедельник, 25 ноября

Быйыл Жапаров Эрдоган менен жолугат

0

Кыргызстан менен Түркиянын президенттери Садыр Жапаров жана Режеп Тайып Эрдоган Бишкекте стратегиялык кызматташтыкты талкуулашат. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады. Бирок так датасы азырынча тактала элек.

Кечээ ки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев менен Мевлүт Чавушоглу телефондогу сүйлөшүүсүндө талкууланган. Чавушоглу Кулубаевди министр болуп дайындашышы менен куттуктады. Алар жакын арада министрлердин деңгээлинде Биргелешкен стратегиялык пландоо тобунун жыйынын өткөрүүнү да макулдашышты.

Расмий маалыматта Кыргызстандын министри Орусия менен Украинанын ортосундагы согушту жайгарууда Түркиянын ортомчу ролун белгилегени тууралуу учкай айтылат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз