Пятница, 17 мая

Медведев: “Зеленскийдин тынчтык келишимине кол койууга эрки жетпейт”

0

Владимир Зеленский Батыштан акча жана курал сураганын уланта берет. Ошол эле учурда украиналыктардын камын көрүп либералдык идеялар менен жашап жатканын далилдөөгө аракет кылат. Спутиник агенттиги Орусиянын Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведевдин айткандарын жазып чыкты.

Медведевдин айтымында, Зеленскийге эч кандай тынчтык келишими зарыл эмес. Анткени документке кол коюлса Зеленскийге же нацисттердин, же атаандаштарынын «таягы» тиет.

«Зеленскийге эч кандай тынчтык келишиминин кереги жок. Тынчтык ал үчүн иштин бүткөнү. Же нацисттер аны тез эле алып түшөт, же атаандаштары согушта жеңилген президент катары кызматтан кетиришет», — деди Медведев.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз