Вторник, 14 мая

Премьер-министр баш болгон Жапониянын 63 жаранына Орусияга кирүүгө тыюу салынды

0

Орусия Жапониянын премьер-министри Кишида Фумио баш болгон 63 жогорку даражалуу аткаминерге санкция киргизүү чечимин чыгарды.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө, жапон өкмөтүнүн Орусияга каршы үгүт баштап, жалаа жана тике коркутуулар менен бирге “кабыл алынгыс риторикага” жол бергени айтылды.

Мунун Жапониянын белгилүү инсандары, адистери жана медиа өкүлдөрү тарабынан кайталанганына көңүл бурулган билдирүүдө, бул түшүнүктүн алкагында Токионун жакшы коңшулук мамилелерди бузуп, орус экономикасына жана Орусиянын эл аралык кадыр-баркына зыян келтире турган кадамдарга барганы белгиленди.

Билдирүүдө, жогоруда айтылган себептерден тышкары жапон өкмөтүнүн орус жарандарына каршы кабыл алган санкциялык чечимдерин эске алуу менен Жапониянын премьер-министри Кишида Фумио да арасында болгон 63 жапон атуулуна санкция киргизүү чечими чыгарылганы кабарланды.

Санкциянын алкагында 63 жапон атуулунун Орусияга кирүүсүнө тыюу салынганы айтылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз