Суббота, 18 мая

Назарбаевдин “негиздөөчү президент” макамы Конституцияда бекитилбейт

0

Казакстанда Конституцияга өзгөртүү киргизүүнүн алкагында Нурсултан Назарбаевдин “негиздөөчү президент” статусунун белгилинешинин  зарылчылыгы жок экендиги билдирилди.

Казакстандын мамлекеттик катчысы Ерлан Карин Telegram аркылуу билдирүү жасап, Конституциялык кеңешме президент Касым Жомарт  Токаевдин «Конституцияга өзгөртүү киргизүү» кайрылуусуна  оң карагандагын билдирди.

Карин бул Конституциялык реформанын бийликтеги башкаруулардын арасындагы мамилелердин тең салмактуулугун мыкты деңгээлге алып чыгуу, өлкөнүн башкаруусуна элдин катышуусун кеңейтүү жана жарандардын Конституциялык укуктарын коргоону күчөтүү максатында жасалгандыгына басым жасады.

Мындан тышкары, Карин Конституциялык иш алып баруучу топтун айрым мүчөлөрүнүн сунуштарын эске алуу менен өлкөнүн Биринчи Президентинин статусуна байланыштуу Конституциялык кеңешмеге кошумча арыз түшкөнүн айтып : «Алардын айтымында, Биринчи Президенттин тарыхый ролу жалпысынан белгилүү жана Конституцияда өзүнчө көрсөтүүнүн кереги жок»,- деди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз