Воскресенье, 5 мая

Кыргызстандын Баш мыйзамы кабыл алынганына 29 жыл толду

0

Бүгүн, 5-майда Кыргызстандын Баш мыйзамынын кабыл алынганына 29 жыл толду.

Эгемен Кыргызстандын Конституциясын 1993-жылы 5-майда легендарлуу парламент кабыл алган. Андан бери бир канча жолу өзгөртүлүп, соңку референдум 2021-жылдын 11-апрелинде өткөн.

Ага жалпы шайлоочулардын 36,66% катышкан. Анын 79% ашыгы Баш мыйзамдын жаңы долбоорун колдоп, Кыргызстанда президенттик башкаруунун болушун жактаган.

Референдумда колдоо тапкан Баш мыйзамга президент Садыр Жапаров былтыр, 5-майда кол койгон. Андан бери Конституцияга шайкеш келтирүү үчүн бир катар мыйзамдар өзгөрүүдө.

Бишкекте “Бүгүнкү Конституция туңгуюкка алып барат” деген темада конференция өтөт. Аны Бириккен Демократиялык кыймыл уюштуруп жатат.

5-май жылнаамада кызыл менен белгиленип, майрам күн болуп саналат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз