Ажылыкка барууга 65 жаштан төмөнкү, Кыргызстандын бардык жарандарына мүмкүнчүлүк берилди. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, мурда ажылыктын базасына катталбаган 65 жаштан төмөнкү жарандарды каттоого алуу 6-майдан 11-майга (РСК Банктын иш убактысы бүткөнгө) чейин жүргүзүлөт.
«Талапкерлер облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда РСК банкына 4500 доллар жана кайтарымсыз 700 сомдун төлөнгөн квитанциясынын негизинде каттоого алынмакчы», — деп айтылат маалыматта.
Сауд Аравия Падышалыгынын (САП) Ажылык жана умра министрлиги 2022-жылдагы ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 2 766 орун бөлгөн. Ал 2019-2020-жылдары ажылыктын электрондук базасына, аймактарда катталып, кезек күтүп турган 65 жаштан төмөн кыргызстандыктарга берилери айтылган. Ар бир талапкер ажылык сапарына болгон төлөмдөрүн 30-апрелге төгүшү керек болчу. Бирок ар кандай себептер менен жетише албай калгандарга 6-майдан 11-майга чейин төлөө мөөнөтү узартылат.
Муфтият төлөгөндөрдүн саны зыяратчыларга берилген квотадан ашып кеткен учурда кезекке калтырыларын эскертти.