Воскресенье, 5 мая

Жалал-Абадда өзгөчө кырдаал режими киргизилди

0

Жалал-Абад облусунда 606 турак жайды сел суулары каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 4-майда нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен Сузак районунун Барпы жана Атабеков айыл өкмөтүндөгү 606 турак үйдү, 10 социалдык объектини сел каптаган.

Учурда өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары жетектеген ыкчам топ жеринде тактоо иштерин жүргүзүп, Сузак районуна өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Жарандык коргонуу кызматынан 260 жаран, өздүк курамдан 135 куткаруучу тартылып, сел каптаган турак үйлөрдө чогулган сел сууларын мотопомпанын жардамы менен тазалоодо.

ӨКМден 12 бирдик техника, Жарандык коргонуу кызматынан 30 техника тартылып, күйүүчү май менен камсыздалды.

Учурда ыкчам штаб түзүлүп, кырдаалды жөнгө салуу жумуштары жүрүүдө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз