Пятница, 10 мая

Жапония Орусияга каршы кошумча санкция киргизет

0

Жапониянын премьер-министри Кишида Фумио, Украинадагы согуштан улам орусиялык жеке адамдар жана мекемелерге каршы санкцияларды кеңейте тургандарын айтты.

Премьер-министр Кишида Европа сапарынын акыркы күнүндө Англиянын борбор шаары Лондондо басма сөзгө берген маалыматында, өлкөсүнүн Орусияга каршы санкцияларды күчөтө турганын билдирди.

Кишида «Чоң жетиликтин Украинада ойногон ролунун маанилүүлүгүнө» көңүлдөрдү буруп: «Биз тынчтыкты жана тартипти сактоо үчүн G-7 тилектештигин бекемдешибиз керек»,- деди.

Премьер 140ка жакын адамдын мүлкүн тоңдура тургандарын жана орус армиясына тиешелүү 70 мекемеге экспорт чектөөсү киргизилерин жарыялады.

Чечимге ылайык, жапон өкмөтү Орусияга алдыңкы технологияларды, анын ичинде кванттык компьютерлерди камтыган товарларды экспорттоого да тыюу салат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз