Четверг, 9 мая

9-майда Бишкектин кээ бир көчөлөрү жабык болот (Тизме)

0

Бишкек шаарында 9-майда өтүүчү «Өлбөс полк» жүрүшүнө байланыштуу айрым көчөлөр жабылат. Бул тууралуу калаанын Кайгуул милициясынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган акция саат 9:00дө башталып, болжол менен 13:00гө чейин созулат.

Бул учурда төмөнкү көчөлөрдүн бөлүктөрү тосулат:

Аалы Токомбаев көчөсүнүн Байтик баатыр көчөсү менен кесилишкен бөлүгү;

Байтик баатырдын түндүктү көздөй Жумабек көчөсүнө чейинки бөлүгү;

Жумабектин Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү;

Ибраимовдун Чүй проспектисине чейинки бөлүгү.

«Урматтуу шаар тургундары жана коноктору, иш-чара учурунда жогорудагы көрсөтүлгөн жолдорду эске алуу менен каттамдарды алдын ала пландап алууңуздарды суранабыз. Ошондой эле акция учурунда аккредитациядан өтпөгөн массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнөн учуучу аппараттарды (дрон, видео, сүрөттөр) камтыган каражаттарды колдонбоого чакырабыз», — деп кайрылды милиция.

«Өлбөс полктун» жүрүшүндө Кайгуул кызматкерлери коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөйт.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз