Пятница, 3 мая

БУУ: Украинада каза болгондордун саны 3300гө чукулдады

0

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Орусия кол салгандан бери Украинада каза болгондор 3300гө чукулдаганын билдирди. Каза болгондордун 231и жашы 18ге толо элек балдар болгон.

БУУнун жарыялаган отчётуна ылайык, жалпы 3,5 миңден ашуун адам жараат алган. 73 наристенин сөөгү өздүгүн аныктоого болбой турган абалда.

Улуттар Уюму жикчилдердин өздөрүн “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп атап алган аймактарда 105 адам өлүп, 417 киши жарадар болгонун кабарлады. Алардын дээрлик баары ракета, артиллериялык чабуулдарда көз жумган.

БУУ бул сандар дагы өзгөрүшү мүмкүн экенин, курмандыктар азыркыдан да көп болорун эскертти. 12 миллиондой адам ички жана тышкы качкынга айланган.

24-февралда Орусия Украинанын аймагына басып кирип, согуш ачкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз