Улуу Жеңиштин 77 жылдыгына карата өлкө башчы Садыр Жапаров «Өчпөс отко» гүлчамбар койду.
Салтанатка ошондой эле экс-президент Сооронбай Жээнбеков, парламент спикери Талант Мамытов, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев, Бишкек шаарынын мэри жана башкалар катышты.