Вторник, 14 мая

G7 өлкөлөрү Орусияга каршы санкцияларды күчөтөт

0

“Чоң жети” уюмунун мүчөлөү Орусияга каршы санкцияларын күчөтмөй болду. Мындай чечим 8-майда аталган өлкөлөрдүн лидерлеринин видео байланыш аркылуу уюштурулган жыйынында кабыл алынды. Жыйынга Украинанын президенти Владимир Зеленский да катышты.

Анда Орусияны экономикалык изоляцияда калтыруу чараларын күчөтүү, Владимир Путинди колдогон орусиялык элитага каршы өнөктүктү жаңы деңгээлге чыгаруу, Орусияны негизги каржылык жана башка тейлөө кызматтарынан ажыратып, бул өлкөнүн мунайынан бара-бара баш тартуу пландары талкууланды.

«Чоң жетиге» Улуу Британия, Германия, Италия, Канада, Франция, Жапония жана АКШ мүчө.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз