Четверг, 2 мая

Бишкекте Евразиялык экономикалык форум өтөт

0

Бишкекте Евразиялык экономикалык форум өтөт. Бул тууралуу Соода өнөр-жай палатасынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, «Глобалдуу өзгөрүүлөрдөгү Евразиялык экономикалык интеграция. Инвестициялык активдүүлүктөгү жаңы мүмкүнчүлүктөр: өндүрүштүк локация жана кооперация» аталышындагы иш-чара 26-майда борбор калаада уюштурулат.

Форум 10 мамлекеттен 600дөн ашык конокторду тосмокчу.

Иш-чара эки – көргөзмө жана ишкер бөлүктөн турат. Экинчи бөлүгүндө панелдик алты сессия болуп, ага расмий адамдардын, эксперттик жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү, андан сырткары, мамлекет башчылардын келери да кабарланды.

«Пленардык отурум ЕАЭБге мүчөлөрдүн мамлекет башчылары жана аталган бирикмеге байкоочу болгон өлкөлөрдүн жетекчилери катышат», — деп айтылган маалыматта.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз