Гебреисус: Биз Орусияны согушту токтотууга чакырабыз

0

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башкы директору Тедрос Аданом Гебреисус: «Биз Орусияны бул согушту токтотууга чакыруубузду улантабыз»,-деди.

Украинага сапарынын алкагында борбор шаар Киевде Украинанын саламаттыкты сактоо министри Виктор Лиашко менен өткөргөн биргелешкен маалымат жыйында сөз сүйлөгөн башкы директор Гебреиусус өлкөдөгү байкоолорун жана саламаттыкты сактоо системасынын тарткан зыяндарын талкуулады.

Гебреисус согуштун ичинде чоңойгондугун белгилеп: «Мен жеке өзүм согуштун кыйратуучу кесепеттерин жакшы билем. Ошондуктан Орусиянын Украинага басып кириши мени абдан капалантты»,-деп айтты.

Украин элинин кол салууларга каршы көрсөткөн каршылыгын баалаганын баса белгилеген Гебреисус: «Жоготууга учураган эл дагы деле баш тарта элек. Эч нерсеге карабай согуштан кыйраган саламаттык сактоо имараттарын оңдоп жатышат. Бул адамдар медициналык кызматтарды жана адам өмүрүн коргоону биринчи орунга коюшууда»,-деди.

ДССУнун башкы директору, Украинада согуш башталган 24-февралдан бери саламаттыкты сактоо борборлоруна 200 кол салуу жасалганын билдирип: «Бул чабуулдар токтотулуп, саламаттыкты сактоо кызматтары бутага алынбашы керек. Биздин Украинадагы командабыз күчтүү саламаттыкты сактоо системасын түзүү үчүн талыкпай иштеп жатат. Бул иш-аракеттер уланат»,-деп айтты.

Согуштун терс таасирлерин жоюу үчүн ДССУнун медициналык жардамын да уланта турганын баса белгилеген Гебреисус: «Украинага эң керектүү болгон жана тилекке каршы ДССУ жөнөтө албаган жалгыз дары — бул тынчтык. Биз Орусияны бул согушту токтотууга чакыра беребиз»,-деп маалымдады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз