Воскресенье, 5 мая

УКМК Алексей Ширшовду камакка алды

0

«ТНК Дастан» ААК башкармалыгынын мурдагы төрагасы Алексей Ширшов коррупция боюнча кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекети комитетинен билдирди.

Билдирүүгө ылайык, ал коррупцияга шектелип «Аврора Плюс» эс алуу жайынын аймагындагы мамлекетке таандык кымбат баалуу кыймылсыз мүлктү мыйзамсыз түрдө чыгарып кеткен деп айыпталууда. Териштирилип жаткан иштин алкагында бизнес-өкүлдөрүнүн мамлекеттик жана сот органдарынын айрым кызмат адамдары менен кылмыштуу сүйлөшүү фактылары аныкталган.

«Ысык-Көл райондук жана облустук сотторунун, Бишкек шаарынын, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын райондор аралык сотторунун, Жогорку соттун судьяларын, ошондой эле президенттик аппараттын, Мамлекеттик мүлк фондунун жана Мамлекеттик каттоо кызматынын кызмат адамдарын тартуу менен татаал коррупциялык схема түзүшкөн. Натыйжада 56 кымбат баалуу батир жана 27 коттедж жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен. Тергөө учурунда буга чейин кармалган адамдардан тышкары негизги уюштуруучулардын бири белгилүү Алексей Ширшов экени айкын болду», — деп айтылат маалыматта.

УКМКнын версиясы боюнча, кылмыш аракеттерди ишке ашыруу үчүн мамлекеттик жана сот органдарынын кызматкерлерине акча жана кыймылсыз мүлк, анын ичинде «Аврора плюс» эс алуу борборунан мүлк берилгени далилденген. Натыйжада мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Топтолгон далилдердин негизинде 10-май күнү атайын кызмат Алексей Ширшовду кармап, убактылуу кармоочу жайына киргизген.

УКМК келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча комплекстүү чаралар көрүлөрүн убадалады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз