Пятница, 26 апреля

Шашылыш билдирүү: Туруксуз аба ырайы күтүлөт!

0

10-май күнү күндүз жана 11-12-май күндөрү Кыргызстандын аймагында туруксуз аба-ырайы күтүлөт. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка караганда, мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо мөндүр жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы бир аз төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

ӨКМ жарандарды шамал учурунда коопсуз жайда болууга чакырат.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз