Воскресенье, 5 мая

Мектептер 12 жылдык билим берүүгө качан өтөт?

0

Кыргызстан 12 жылдык билим берүү программасына 2024-2025-жылкы окуу жылында өтүшү мүмкүн. Бул туурасында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Ал Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин жыйынында депутатка жооп берип жатып башынан эле мындай системага өтүү быйылкы жылга пландалбаганын айтты.

«Региондордо анча маселе жок, эң негизги көйгөй Бишкекте болуп жаткан. Эгер калаада убадаланган 15 мектеп курулуп калса, маселе чечилет. Биздин жол картабыз бар, анда мектептеги орундардын, окуу программаларынын, окуу куралдарынын даярдалышы камтылган. Ошонун баары даяр болгондон кийин өтөбүз. Биз эртең эле 12 жылдык окууга өтөбүз деп айткан эмеспиз. Жол карта боюнча 2022-2023-жылы өтпөйбүз, эгерде бардык шарттар түзүлүп калса, 2024-2025-окуу жылында гана өтө алабыз», — деди Жусупбекова.

Белгилей кетсек, апрель айында Билим берүү жана илим министрлиги 12 жылдык окуу программасы тууралуу маалымдап, ага быйыл сентябрда өтүү мүмкүн экендиги айтылган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз