Вторник, 14 мая

Украина: Орусия 26 миң аскерин жоготту

0

Орус армиясынын 26 миң аскерин, 199 учагын, 158 тик учагын жана 1170 танкасын жоготкону билдирилди.

Украинанын Башкы штабынын, орус армиясынын 24-февралдан 10-майга чейинки жоготууларына байланыштуу билдирүүсүндө, орус армиясынын акыркы 24 саатта дагы 350 аскеринен ажыраганы айтылды.

Билдирүүдө орус армиясынын жалпы 26 миң аскерин жоготкондугу жана орустарга таандык 199 учак, 158 тик учак, 1170 танк, 2 миң 808 броне унаа, 519 замбирек, 185 ракета атуу системасы жана 87 абадан коргонуу системасынын жок кылынгандыгы баса белгиленди.

Орус күчтөрүнүн 1980 унаа, 12 кеме, ылдам жүрүүчү жеңил катер жана 380 учкучсуз учуучу аппаратынан да ажырагандыгы кабарланган билдирүүдө, орустар учурган 94 канаттуу ракетанын болсо Украинанын абадан коргонуу бөлүктөрү тарабынан атылып жок кылынгандыгы маалымдалды.

Орусиянын Коргоо министрлигинин 25-марттагы билдирүүсүндө, Украинада 1351 орус аскеринин каза болгондугу белгиленген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз