Вторник, 14 мая

Бишкектин айрым райондорунда жарык өчүрүлөт

0

Бүгүн, 11-майда, Бишкектин айрым райондорунда электр жарыгы жок болот. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынын маалымат кызматы билдирди.

Мекеменин бригадалары жабдууларды оңдоп, бактарды бутап, тирөөчтөрдүн ордун которот.

График:

Саат 9:00дөн 11:00гө чейин — Төкөлдөш конушунун бир бөлүгүндө (7-Апрель жана Кийизбаев көчөлөрү);

Саат 9:00дөн 13:00гө чейин — Целиноград, Шуберт жана Лермонтов көчөлөрүндө;

Саат 9:00дөн 17:00гө чейин — 6-кичи райондогу Раззаков көчөсүндө жайгашкан № 39/1 жана №2 үйлөрдө. Коммунаров, Кудрук, Лесная, Республиканская, Азовская көчөлөрүндө жана Полиция шаарчасы, Алтын-Казык, Жеңиш, Арча-Бешик (Эр-Тайлак, Ак-Таң жана Камбар-Ата көчөлөрү) жана Ак-Өргө конушунда (Гагарин, Кырк-Кыз, Өгүз-Ата, Ашар, Тимур Фрунзе, Ахунбаев, Соң-Көл, Проектируемая);

Саат 9:30дан 18:00гө чейин — Салиев жана Пархоменко көчөлөрүндө;

Саат 10:00дөн 12:00гө чейин — Төкөлдөш конушундагы Менделеев көчөсүндө;

Саат 11:00дөн 13:00гө чейин — Төкөлдөш конушундагы Октябрь көчөсүндө;

Саат 12:00дөн 14:00гө чейин — Көк-Жар жаңы конушунда (Ой-Терскен, Санжыра, Жеңижок жана Ахунбаев көчөлөрү);

Саат 13:00дөн 15:00гө чейин — 44 Га жаңы конушунда;

Саат 13:00дөн 16:00гө чейин — Көк-Жар жаңы конушунда (Сайма-Таш, Молдокулов жана Босого көчөлөрү);

Саат 14:00дөн 17:00гө чейин — Алтын-Ордо жаңы конушунда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз