Вторник, 7 мая

Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы алмашты

0

Каныбек Осмоналиев президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кол койду.

Мамлекет башчынын дагы бир жарлыгы менен комиссиянын мурдагы төррагасы Сыртбай Мусаев ээлеген кызматынан берген арызына ылайык бошотулду.

Жаңы төраганы Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Улуттук комиссиянын жамаатына 12-майда тааныштырды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз