Понедельник, 13 мая

Түркия ANKA дрондорун Казакстанда өндүрөт

0

Түрк авиация жана космос өнөр жайы акционердик коому (TUSAŞ) жана Kazakhstan Engineering компаниялары ANKA аскердик дрондорун биригип кураштыруу тууралуу келишимге кол койду.

TUSAŞ менен Казакстан Engineering компаниясынын ортосунда кол коюлган өз ара түшүнүшүү меморандуму менен «Анка» Казакстанда биргелешип чыгарылат.

Маалыматка караганда, аскердик дрондордон тышкары тараптар учкучсуз учуучу аппараттарды тейлөө жана оңдоо боюнча да кызматташат.

Казакстан ANKA үлгүсүндөгү дрондорду Түркиянын тышында өндүрө турган алгачкы мамлекет болуп калат.

Дрондорду биригип чыгаруу тууралуу келишимге Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаевдин Түркияга расмий сапары учурунда кол коюлду.

Маалыматка караганда, ANKA дрону 350 килограммга чейин жүк көтөрө алат. Ага танктарды жок кыла турган сегиз ракета же төрт авиабомба орнотууга болот. Түркия армиясы мындай аппараттарды 2020-жылы Сириядагы аскердик операция учурунда пайдаланган.

11-майда Казакстан менен Түркия аскерий кызматташуу тууралуу келишимге кол койгону белгилүү болгон.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз