Понедельник, 13 мая

УКМКнын жаңы имаратынын ачылышы өттү

0

Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук органынын жаңы имаратынын ачылышына катышты. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Жапаров мындай заманбап имараттардын ачылышы менен улуттук коопсуздук органдарынын ишинин эффективдүүлүгү жана ыкчамдыгы жогоруларын белгилеген. Ошондой эле ал бул имаратта иштеген ар бир кызматкер Кыргызстандын стабилдүүлүгү жана өнүгүүсү үчүн маанилүү, жооптуу иштерди аткарууга шыктанарына үмүт артты.

«Улуттук коопсуздукту камсыздоо тутуму өлкө кызыкчылыктарын толук кандуу коргоо, ошондой эле ички жана тышкы коркунучтарга каршы натыйжалуу сокку берүү үчүн жетиштүү күчтөргө жана каражаттарга ээ болушу керек. Бул үчүн атайын ресурстар бөлүнүп жатат. Бирок алардын көлөмү экономиканын реалдуу мүмкүнчүлүктөрүн эсепке алуу менен аныкталат», — деди Жапаров.

Мамлекет башчысы андан ары имаратты, иш бөлмөлөрдү көрүп чыгып, аймагына көчөт отургузду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз