Понедельник, 13 мая

Казакстан кумшекерди экспорттого тыюу салды

0

Казакстан өлкөдөн кумшекерди сыртка алып чыгууга алты айга чейин тыюу салды. Тиешелүү буйрукка коңшу мамлекеттин айыл чарба министри 4-майда кол койгон.

«Казакстандын Айыл чарба министрлигине Евразия экономикалык комиссиясына аталган чектөөнү киргизүү боюнча кабарлап коюу тапшырылган. Буйрук күчүнө документ расмий жарыяланган соң, 10 календардык күндөн кийин кирет», — деп айтылат маалыматта.

Казакстандын Айыл чарба министрлигине бул чаралардын колдонулушу жөнүндө Евразия экономикалык комиссиясына маалымат берүү тапшырылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз