Понедельник, 13 мая

Жапаров Москвада ЖККУнун саммитине катышат

0

Президент Садыр Жапаров Москвада ЖККУнун саммитине катышат. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлады.

«Президент Жапаров саммитке төрагалык кылуучу тарап Армениянын чакыруусу менен 16-майда Москва шаарына барат», — деп айтылат билдирүүдө.

Иш-чаранын жыйынтыгында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун 30 жылдыгына байланыштуу бир катар документтер кабыл алынмакчы.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз