Пятница, 3 мая

Жапаров КТРКны реформалоо боюнча мыйзамга кол койду

0

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2022-жылдын 6-апрелинде кабыл алынган.

«Документ Коомдук телерадиоберүү корпорациясын Улуттук телерадиоберүү корпорациясына айландыруу аркылуу реформалоого багытталган. Анда телерадио уюмунун статусу, өлкөнүн маалымат мейкиндигинде жана мамлекеттик маалыматтык саясатты ишке ашыруудагы ролу жана орду аныкталат», — деп айтылат билдирүүдө.

Мыйзам ошондой эле редакциялык саясатты өз алдынча аныктоого, маалыматтык продукциянын (контенттин) сапатын жакшыртууга, корпорациянын башкаруу чечимдерин өркүндөтүүгө шарттарды түзүшү керектиги белгиленген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз