Понедельник, 13 мая

Түркия Финляндия менен Швециянын НАТОго кирүүсүнө каршы

0

Түркиянын президенти Режеп Таййип Эрдоган Финляндия менен Швециянын НАТОго кирүү мүмкүнчүлүгүнө каршы экенин, алардын арызына бөгөт коёрун билдирди.

Түрк президенти Анкара Финляндия менен Швеция мүчөлүгү тууралуу “оң пикирде эмес экенин” бегиледи.

«Анткени буга чейин Грецияга байланыштуу мүчүлүштүк болгон. Грециянын Түркияга карата альянстагы жүрүм-туруму тууралуу билесиздер. Биз экинчи ката кетиргибиз келбейт», — деп түшүндүрдү мамлекет башчы.

Эрдоган Скандинавия өлкөлөрү террорчуларга көп учурда “меймандостук” мамиле жасап, аларга парламенттен орун берип жатканын баса белгиледи. Ушул себептен улам, президент белгилегендей, Түркия Түндүк Атлантика альянсына эки жаңы өлкөнүн киришине азырынча терс көз карашта.

Түркия каршы чыкса, Финляндия менен Швеция НАТОго кире албайт. Альянска жаңы мүчөлөрдүн пайда болушу үчүн уюмдун бардык мүчөлөрүнүн макулдугу керек. Эксперттер Эрдогандын билдирүүсүн Орусия үчүн позитивдүү учур деп баалашты.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз