Понедельник, 6 мая

Кыргызстан Украинага аскер жибереби?

0

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын жолугушуусуна катышуу үчүн Москвага барды. Жолугушуу Жамааттык коопсуздук келишиминин 30 жылдыгына жана ЖККУнун 20 жылдыгына арналып өткөрүлүүдө.

Анткен менен бул жолугушуу Орусиянын президенти Владимир Путиндин демилгеси менен өтүп жатканы белгилүү. Андыктан, айрым эксперттер жыйында Украинадагы согушка ЖККУга мүчө мамлекеттердин да аскер жиберүү маселеси каралышы мүмкүн экенин айтышууда.

Эксперттер ЖККУнун жыйынында орус президенти өнөктөштөрүнөн колдоо талап кылаарын, бирок баары эле Орусияга жардам берүүгө даяр эмес экенин айтышууда. Себеби Орусия Украинадагы согушта ийгилике жетише алган жок. Анын үстүнө Казакстан менен Армения Орусияга колдоо көрсөтүүгө даяр эмес экенин, Украинанын көз карандысыздыгын толук таанышаарын мурдараак ачык билдирген. ЖККУнун кандайдыр бир масштабдуу согушка катыша турганчалык толук кандуу аскерий уюм боло албаганын да эске алуу керектиги айтылууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз