Понедельник, 13 мая

Түркия: Швеция менен Финляндия НАТОго киргиси келсе, анда террористтерди колдогонун токтотсун

0

Түркия: Швеция менен Финляндия НАТОго киргиси келсе, анда террористтерди колдогонун токтотсун

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүгүнө байланыштуу: «Биз НАТОнун кеңейишине каршы эмеспиз, бирок терроризмди колдоону кабыл ала албайбыз»,- деди.

Түркиянын тышкы иштер министри НАТОнун жыйынында Швеция тарабынан ПКК/ЙПГ террордук уюмуна курал-жарак жагынан жардам берилээрин эске салды. Чавушоглу эки өлкөнүн тышкы иштер министрлерине алардын террордук уюмдун мүчөлөрү менен болгон жолугушууларын документтер менен тастыктап бергенин айтты.

Чавушоглу Финляндия жана Швециянын террордук топторду колдобоо тууралуу Түркиягы кандай кепилдик беришээри жакынкы күндөрдө белгилүү болоорун, бирок бул маселеде Швециянын тышкы иштер министринин конструктивдүү эмес, провокациялык билдирүү таратып жатканын эске салып, «Бул жерде сөзсүз коопсуздук кепилдиги болуш керек. Террордук уюмдарды колдоону токтотушу керек», — деп айтты.

ПКК/ЙПГ террордук уюму 1984-жылдан бери түрк куралдуу күчтөрүнө жана жай тургундарга карата террордук кол салууларды уюштуруп келет. Бул уюмдун кол салуусунан 15 миңден көп киши курман болду. Түркиянын ПКК/ЙПГ террордук уюмуна каршы күрөшүнүн көп убакытка созулушуна бул топко чет өлкөлөрдөн көрсөтүлгөн акчалай жана материалдык жардам себеп болууда.

Өзгөчө Швеция мамлекети бул уюмга финансылык жардам көрсөтүп эле тим болбостон, ПКК/ЙПГ террордук уюмунун эл аралык издөөдө жөргөн террористтерине баш калкалоо мүмкүнчүлүгүн таанып келет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз